Коронавирустан коргонуу жана алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн Ош шаарынын мэриясында атайын эсеп ачылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-мартка карата Ош шаарындагы жеке ишкерлер, курулуш компаниялары, мекеме-ишканалар, жогорку окуу жайлар (бир күндүк эмгек акы) тарабынан шаардык мэриянын атайын эсебине 3 млн 475 миң 934 сом которулган.
«Каражаттарды атайын түзүлгөн комиссия көзөмөл кылат. Комиссиянын курамында укук коргоо органдары, бизнес өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдардын мүчөсү жана тиешелүү кызматтар бар», — деп айтылат маалыматта.