Бишкек шаарынын комендантынын кайрылуусу

Окуялар тизмеги 29 Мар 2020 11:10
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев борбор калаанын тургундарына кайрылуу жасады.

«Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!

Күнү-түнү милиция кызматкерлери, күч органдары сиздердин коопсуздукту камсыз кылуу үчүн иштеп жатышат. Эгер биз аң-сезимдүү болбосок коронавирус ар бирибизге жугушу мүмкүн.

Ушундай кырдаалда улгайган ата-энелерди жалгыз калтырбай жанында болуу зарыл. Биз азыр колубуздан келишинче улгайган адамдарга ата-энелерибизге колдоо көрсөтүүбүз керек.

Өзгөчө ата-энелерин карап жаткан жарандар, аларды жалгыз калтырбаңыздар, жандарында жакындары болушу керек, анткени коронавирустан эң биринчи кезекте кары адамдар жабыркайт».

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.