Жалал-Абадда жалган маалыматты тараткан 9 факты аныкталды

Окуялар тизмеги 28 Мар 2020 13:25
0 ой-пикир

Жалал-Абад облусунда бир күндө жалган маалыматты тараткан 3 факты катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, учурдагы абал туруктуу.

«Бүгүнкү күндө Жалал-Абадда жалган маалыматты тараткан 9 факты аныкталган», — дейт Жоробеков.

Ал эми Жалал-Абад облусунда 27-марттын саат 20:00дөн тартып 28-март таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 26 жаран кармалды. Алардын ичинен Жалал-Абад шаары — 20, Сузак району боюнча — 6 адамды түздү.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында коменданттык саатты 157, Ош шаары боюнча — 21, Кара-Суу районунда — 15, ал эми Ноокат району боюнча 4 жаран бузган.

Учурда өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 58ге жетти.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам саат 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды.

Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.