ВИДЕО: Новосибирскиде 200дөн ашуун кыргыз жарандары өз мекенине кайталбай жатышат

Окуялар тизмеги 28 Мар 2020 14:49
0 ой-пикир

Россиянын Новосибирск шаарындагы «Толмачево» аэропортунан 200дөн ашуун кыргызстандык мекенине кайта албай жатат. Учурда алар аталган аэропортто күн кечиришүүдө. Бул тууралуу алар “Апрель” сайты билдирди.

Маалыматка караганда, “Манас” аэропорту Россиядан учактарды кабыл албай жатат. Ошол эле маалда авиакомпания кыргызстандыктарды өлкөсүнө жеткерүүгө даяр экенидгин маалымдаган.

Аргасыздан Россиянын аймагында кептелип калган кыргызстандыктар президент Сооронбай Жээнбековго видео кайрылуу жасашып, жардам сурашкан.

Белгилей кетсек, ушундай эле кырдаалга Москванын аэропортунда жүздөгөн кыргызстандыктар кептелишкен. Алардын айтканына караганда, болгону ыктыярчылар – Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жардам көрсөтүшүүдө. Москванын аэропортундагы мекендештерибиз дагы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашкан.

Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул көйгөйдү акыркы видеокайрылуу чыкканда гана мойнуна алышкан. Дипломатиялык кызматтын маалыматына караганда, жалпысынан 350 кыргызстандык чек араларда кептелип калышкан: Москванын, Новосибирсктин жана Казакстандын аймактарында.

Элчилик Россия тарап менен биргеликте жана авиакомпаниялар менен чогуу бардык тиешелүү чараларды көрүп жатканын билдирди. Жана суроолор болсо, төмөндө көрсөтүлгөн номурлар аркылуу байланышууга чакырышты: +7 499 238 50 69, +7 499 237 33 04, +7 925 103 29 11 (вотсап) жана электрондук почта аркылуу: 4992385069@mail.ru. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.