ЖКнын вице-спикеринин коронавируска карата жыйынтыктоочу анализи таза чыкты

Окуялар тизмеги 27 Мар 2020 17:19
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Фейсбуктагы баракчасына коронавирус илдетине кабылганын, анализи таза чыкканын жазып чыкты.

«Экинчи жыйынтыктоочу анализим да таза чыкты. Коронавирус жок. 14 күн үй карантини да бүгүн соңуна чыкты. Онлайн да көп жумуштарды аткарууга аракеттенип жаттым, эми алдыда — жумуш көп. Буйруса, баарыбыз биргеликте жеңебиз!» — деп жазган депутат.

Эске сала кетсек, 13-март түнү Германиядан иш сапарынан кайтып келген Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутат Абдыбек Дүйшалиев жана парламенттин жети кызматкери 14 күнгө үй карантинине алынган.  

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.