Кыргызстанда жалган маалымат тараткан сайт аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Мааламатка ылайык, Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга аракет жасаган адамдарды аныктоо үчүн интернетке жасалган талдоо жана мониторингдин жүрүшүндө The Asia Times сайты 25-мартта такталбаган маалымат жарыялаганы аныкталды.
«Аталган сайт “Кыргызстанда 2 бейтап коронавирустан каза болду” деген аталыштагы жалган маалымат таратып, калк арасында дүрбөлөң жараткан. Бул факт Жазык кодексиндеги 344-берене (жалган билдирүү жасоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат», – деп айтылат маалыматта.