Бүтүн өлкө тургундары үчүн оор кырдаалда Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгү четте калган жок. Уюмдун кызматкерлери Республикалык инфекциялык оорукана дарыгерлерин колдоо максатында өздөрүнүн бир күндүк эмгек акысын которуп берүүнү чечишти.
Ошондой эле кыргызстандыктарга кайрылып, билдирүү таркатышты:
«Биз медицина кызматкерлерине алардын жан аябаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын бардык жарандарын аларга жардам көрсөтүп:
үйдө отурууга,
карантин тартиптерин сактоого,
өзгөчө абал талаптарын аткарууга чакырабыз».