Жээнбеков Афганистандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Окуялар тизмеги 26 Мар 2020 19:21
0 ой-пикир

Бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар региондо коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү максатында мындан ары дагы өз ара аракеттешүүгө даярдыгын билдиришти.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Мохаммад Ашраф Ганиге Чоң жана Кичи Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздардын маселелерин чечүү боюнча демилгелерди колдогону үчүн ыраазычылыгын айтты.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташууну мындан ары дагы тереңдетүүгө кызыкдарлыгын белгилешти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.