Япония карантинден баш тартты. Себеби эмнеде?

Окуялар тизмеги, Статьялар 26 Мар 2020 22:26
0 ой-пикир

Япония бийлиги мындан үч жума мурда мектептерге киргизген карантинди алып таштады. 1-апрелден баштап (Япониянын окуу жылы ушул числодо башталат) балдардын баары демейдегидей эле мектепке барышат.

Күн Чыгыш өлкөсүндө жашаган биолог Владимир Белоусов мунун сыры эмнеде экенин жана эмне үчүн Японияда өзгөчө кырдаал да, карантин да кирбей турганынын себептерин жазып чыккан. Окумуштуунун изилдөөсүн Украинанын НВ маалымат порталы жарыялаган.

Азыр дүйнөдө гигиенаны пропагандалоо катуу жүрүп жатат. Ар кайсы өлкөлөрдүн президенттери жана борбор шаарлардын мэрлери өз жарандарын колдорун жууганга,  колдору менен беттерин кармалабоого үйрөтүп; кол алышып саламдашпоого жана кучакташпоого чакырып; үйдү дайыма нымдуу тазалоодон өткөрүп турууга; туура тамактанууга ж. б. у. с. үндөп жатышат. 

Японияда баары тең бир аз башкачараак. Анда ар бирине кыскача токтололу.  

1. Гигиена.  Японияда болгондор бир нерсеге көңүл бурушса керек – япондордон эч качан эч нерсе жыттанбайт, жыттана турган болсо парфюмдун билинээр-билинбес гана ароматы келет, мурунга. Себеби, япондор тазалыкты аябай катуу  карманган эл: бир күндө үч ирээт душка түшүү (минимум эки жолу), ошондой эле кенедей эле мүмкүнчүлүк боло калганда колду бат-баттан жууп туруу адатка айланган.

2. Япондор кийимди бат-баттан алмаштырып турушат, ал эми ич кийимди бир күндө бир нече жолу айырбашташат. Бул норма.

3. Японияда адамдарга колуңду тийгизүүгө болбойт. Кол алышуу, кучакташуу жана жөн эле колду тийгизип коюу, өтө интимдүү көрүнүш болуп саналат. Ошондуктан мындай кыймыл-аракеттер өтө жакын кишилердин арасында гана болушу мүмкүн. Япон таазими (жүгүнүүсү) — жашоонун баардык учуруна жарайт.

4. Дистанция. Япондуктар дайыма дистанция сакташат. Дүкөнгө же банкоматка кезекке турасызбы, же коомдук унааны күтүп атасызбы, же башкабы, айтор эч ким сизди артыңызда желкелеп, демитип  турбайт. Оолак турат. Эгер шарт туура келсе бир метр эле эмес андан да алыс турат.

5. Санитардык тазалоо. Сезондуу эпидемиялардын учурунда эле эмес, күн сайын жана жылы боюу бүт өлкөдө, бүт Япониянын ичинде баардык коомдук жайларда жана коомдук унаада санитардык тазалоо өткөрүлүп турат. Баса, көпчүлүк учурда санитардык тазалоо күнү-түнү  автоматтуу түрдө жасала берет. Мисалы, эскалатордун колду койгон тасмасы полдун алдына түшүп кеткенде (аякта атайын автомат турат) күнү-түнү дезинфекциялоочу антибактериалдык суюктук менен тазаланып турат. Эгер кокус кайсы бир жерде эл жыш болуп көп өтө баштаса, ал жай графикке карабастан дайыма тазаланып турат.

6. Туалеттер. Бүт өлкө боюнча туалеттер бекер, анан ушунчалык таза жана өтө мыкты жабдылган, кайсы жерде кайсы убакта  болбосун колуңузду самындап жууганга, дегеле өзүңүздүн үстү-башыңызды тартипке келтирип алганга толук шарттар каралган.  Көптөгөн дааратканаларга атайын жайыла турган аянтча орнотулган, аны пайдаланып силер ич кийимдериңерди, байпагыңарды жада калса кийимиңерди толук алмаштырып кийинип алсаңар болот. 

7. Дүкөндөр. Дээрлик баардык азык-түлүк дүкөндөрүндө суюк самыны бар  атайын раковиналар орнотулган.

8. Дүкөндөрдө баардык тамак-аш фасовкаланып,  герметикалуу таңыкталган. Жада калса кадимки эле картофель полиэтилен пакетине таңыкталган. Баардык эле жашылчалар таңыктала бербейт, бирок андайлар өтө чанда кездешет. Маселен, жергиликтүү шоколадды сатып алып ачмакчы болушканда көпчүлүгү аябай таң калышат, анткени ал герметикалык капсуланын ичинде болот, фольга менен жөн эле оролбостон.

9. Эгер японец ноокастап калса, оорусун башкаларга жугузпаш үчүн дароо маска киет. Дайыма.Ал уят катары эсептелбейт, аны эч ким сөөмөйү менен көрсөтпөйт.

10. Япониялыктар өз өлкөсүнөн сыртка чыкканды анча жактыра беришпейт. Тышкы дүйнө аларга агрессивдүү,  өтө кызыктай, анан коркунучтуу туюлат.

11. Японияда тамактын сапаты өтө жогору жана сактоо мөөнөтү өтө аз болот. Японияда тамактын сапатына коюлган талап дүйнөдө өтө катаал. Анткени,  япондуктар  бышырылбаган чийки тамакты көп жешет (жумуртка, деңиз продуктылары, жашылчалар, жемиштер ж.б.). Японияда тамак ушунчалык таза анан дайыма жаңы болгондуктан эч чочулабай эле жей бересиң, япондуктар өздөрү да ошентишет. Бир нерсеге көңүлүңөрдү буруп коеюн, андай тамакта чийки жөөгө болот деген жазуу туруш керек. Бул жакта жумуртка менен балыкты көпчүлүк учурда  чийки эле жей берсе болот. Таптакыр коопсуз.

12. Япондуктар өтө көп кыймылдашат. Алар көп чуркашат, активдүү оюндарды ойношот, спорт менен алектенишет. Ошондуктан өтө карыган кезге чейин көңүлдөрүнүн куунактыгын жана күч-кубатын сактап калышат. 

13. Япондуктар тамакты өтө ченеп ичишет.Толук японецти  көрүү өтө кыйын. Ал түгүл карып калган кезде дагы (айрыкча аялзатын) учурата албайсың.

Башкача айтканда, азыр бүтүн дүйнөдө убактылуу карантин деп аталып, катуу жазалоо коркунучунун алдында аткарууну талап эткен нерселерге  Япония азыркы цивилизациялуу адамдын демейдеги эле күндөлүк  гигиенасы катары карап, ага төрөлгөндөн тартып үйрөтүп, анан өмүр боюу ар бир секунд сайын ошону сакташат.

P. S.  Японияга келип туруп калышкан европалык аялдар узакка жашашат жана өз курагынан дайыма жаш көрүнүшөт экен. Айтайын дегеним, япон аялзатынын жаш көрүнгөнү жеке эле генге байланыштуу эмес. Баардык абал (климат, тамактануу продуктылары, жашоо стили, косметика ж.б.у.с.) Японияда жашагандарга өтө катуу таасирин тийгизет.

Акыркы маалыматтарга караганда, коронавирусту Японияда 1314 киши жуктурган. Оорудан 45 адам набыт болду.

Элинин саны — 127 млн адам.

Булак: Abal.kg

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.