Президент Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту

Окуялар тизмеги 26 Мар 2020 11:04
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Тигран Погосян менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда пандемия өлкөнүн экономикасына тийгизе турган коркунучтары жана кесепеттери, ошондой эле аларды алдын алуу үчүн финансылык жардам маселеси боюнча пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан түзүмдүк реформаларды алдыга жылдыруу жана жалпы эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн дайыма жардам берип келген ЭВФ менен кызматташууга чоң маани бере тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле президент ЭВФке коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам болчу терс кесепеттерди жумшартуу жана анын Кыргызстанда андан ары жайылып кетүүсүнүн алдын алуучу чараларды көрүү үчүн Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылды.

ЭВФтин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Тигран Погосян Фонд коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам экономикалык жактан жапа чеккен өлкөлөрдү каржылоо инструменттеринин алкагында чукул жардам көрсөтүүнүн ар кандай варианттарын караштырып жаткандыгын билдирди.

Ал Кыргызстан чукул жардам алууга биринчилерден болуп билдирме бергендигин жана ЭВФ Кыргызстанга каражат жагынан жардам көрсөтүү маселесин жакынкы күндөрү ыкчам түрдө карай тургандыгына ишендирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.