Ошто коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан адам кармалды (фото)

Окуялар тизмеги 26 Мар 2020 12:18
0 ой-пикир

Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 23-мартында 1973-жылы Баткен областынын Кызыл-кыя шаарында туулган, Ош шаарынын тургуну Мырзакулов Эркинбек Токтосунович кармалды.

Ал Ош шаарындагы турак үйлөрүнүн биринде жашаган адамдар коронавирус жуктуруп алды деген жалган маалымат тараткан. Биирок коронавирус жуктургандар аныкталган эмес.

Э.Мырзакулов менен түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлгөн соң, кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.

УКМК жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын дагы бир ирет эскертет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.