Министрлик: Коронавирус аныкталган алты адамдын абалы оор. Алар реанимацияда

Окуялар тизмеги 26 Мар 2020 11:17
0 ой-пикир

Коронавирус инфекциясына чалдыккандардын арасынан алты адам реанимацияга жаткырылды. Бул тууралуу 26-мартта республикалык штабдын басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

10 адамдын абалы орточо оор, алты адамдын абалы оор болуп реанимацияда жатат”, — деди Акматова.

2020-жылдын 26-мартында саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учуру катталган жок.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча COVID-19ду жуктурган 44 учур аныкталган, алардын ичинен Ош облусунда – 20 учур, Жалал-Абад облусунда – 19 учур, Бишкек шаарынан – үч учур, Чүй облусунда – бир учур катталган. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.