Комендант: Бишкектеги көчөлөрдүн жабылышы дезинфекциялоо иштерине байланыштуу (видео)

Окуялар тизмеги 26 Мар 2020 12:43
0 ой-пикир

Бүгүн Бишкектин көчөлөрүндө блоктор коюлуп, жолдор жабылып жатат. Бишкек шаарынын комендатурасынан билдиришти.

Комендатурадан билдиришкендей, Бишкектеги көчөлөрдүн жабылышы дезинфекциялоо иштерине байланыштуу болууда. Дезинфекциялоо иштери аяктагандан кийин көчөлөр ачылат.

Белгилей кетсек, буга чейин Мадина, Аламүдүн, Ош жана Орто-Сай базарларында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Москва районунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.