Өкмөт: Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр ун менен камсыз болушат

Окуялар тизмеги 26 Мар 2020 16:40
0 ой-пикир

Өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөр ун менен камсыз болушат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Билдирүүгө ылайык, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бул этапта он миң тонна ун чыгарылат. Өлкөнүн бардык аймактарындагы үй-бүлөлөргө унду жеткирүү иши жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлдү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, коронавирус инфекциясынын жайылышын ооздуктоо жана жарандардын өмүрү менен ден соолугун сактоо чараларын ишке ашыруу боюнча аракеттер менен катар эле, Өкмөт калктын аярлуу катмарындагылардын эч кимисин көңүл буруусуз жана камкордуксуз калтырбоо максатында аларды колдоо үчүн бардык резервди мобилизациялайт.

Өкмөт башчы ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан медицина кызматкерлерине жана муктаждарга жардам берүу боюнча демилгелери үчүн бизнес-коомчулукка, муну менен катар ыктыярчы уюмдарга ыраазычылык билдирди.

«Ушул күндөрү кыйынчылыктарды жеңүү үчүн өзүбүздүн жоопкерчилигибизди сезүүбүз жана күчүбүздү бириктиришибиз керек. Мен четте карап турбай, көмөк көрсөтүү аракетин көргөндөргө ыраазычылык билдирем жана мамлекет жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасап жатат», — деди премьер-министр.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.