Катасы көп кат үчүн кызматтан кеткен Алмазбек Сабырбеков парламенттин аппарат жетекчилигине дайындалды

Окуялар тизмеги 26 Мар 2020 13:35
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп Алмазбек Сабырбеков дайындалды. Бул маалыматты парламенттин басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдан бери аппарат жетекчи болуп иштеп келген Самат Ибраев 23-мартта өз арызы менен кызматынан кеткен. Анын ордуна төраганын буйругу менен Алмазбек Сабырбеков дайындалган.

41 жаштагы Сабырбеков 2019-жылдын март айына чейин спикер Дастан Жумабековдун кеңешчиси болуп эмгектенген.

Эске сала кетсек, Алмазбек Сабырбеков коомчулукта талкуу жараткан окуядан соң кызматтан алынган. Былтыр 1-мартта кыргыз-орус тилдеринде аралаш, бир топ ката менен жазылган документ «Фейсбукка» жарыяланган. Ага Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабековдун колу коюлган. Документтеги каталар кызуу талкууга түшкөн.

Парламенттин басма сөз кызматы аталган документте чын эле одоно каталар бар экенин мойнуна алып, төраганын иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу кызматкер — анын кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков ээлеген кызматынан бошотулганын кабарлаган болчу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.