Коронавирусу бар бейтаптарды дарылоого стационардык орундуктардын саны жетиштүү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
«Өлкө боюнча 1 миң 623 орундук даярдалган, кошумча 715 орундук резервде турат. Интенсивдүү терапия үчүн 215 орундук каралган жана 68 орундук резервде турат «, — деп билдирет республикалык штаб.
Штабдан белгилешкендей, бардык саламаттык сактоо мекемелери атайын нускамалар жана бейтаптарды ооруканага жаткыруу алгоритми боюнча иштеп жатат.
Анда өзгөчө, эпидемиологиялык абалы жагымсыз өлкөлөрдөн келген же COVID-19 оорулуулары менен байланышкан соматикалык илдеттери бар, боюнда барларды, жаӊы төрөгөн айымдарды жана ымыркайларды обсервациядан стационарларга кабыл алуу тартиби жазылган.
Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Москва районунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.
2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.