Атайын эсепке 35 млн. 293 миң сом түштү

Окуялар тизмеги 26 Мар 2020 11:28
0 ой-пикир

Коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 35 млн 293 миң 891 сом келип түштү. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төлөмдөр жана кайтарымсыз каражаттарды чегерүү жолу менен ачылган КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын эсебине 2020-жылдын 25-марты (саат 17.00) 35 млн 293 миң 891 сом келип түштү.

Администрацияланган эсептин реквизиттери, мобилдик банкинг аркылуу чегерилген акчалардын эсептери КР Каржы министрлигинин сайтында жарыяланган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.