Социалдык тармактар аркылуукоронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 23-мартында 1983-жылы туулган Ош областынын Араван районунун Тепе-Коргон айылынында туулган Боромбаев Шабдан Осонович кармалды.
Кармалган адам социалдык тармактар аркылуу коронавирусту бийликтегилер атайын ойлоп тапкан жана ага каршы вакцина бар экен, аны сайдырбагыла деген жалган маалыматтарды тараткан.
Ал текшербестен, жалган маалыматка ишенип, аны тараткандыгын мойнуна алып, жалпы элден кечирим сурады.
УКМК жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертет.