Бишкекте жылуулук кайрадан бериле баштады

Окуялар тизмеги 24 Мар 2020 11:56
0 ой-пикир

Бишкекте батирлерге жана мекемелерге борбордук системадан жылуулук кайрадан бериле баштады. Жылуулук берүү сезону күн жылыганына байланыштуу 19-мартта токтотулган болчу.

«Электр станциялары» ишканасынын маалыматына караганда, жылуулук Бишкек мэриясынын буйругу чыкканча берилип турат.

23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, 25-27-мартта Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болорун эскерткен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.