Бишкекте 12 санитардык пост орнотулду. Карта

Окуялар тизмеги 24 Мар 2020 08:36
0 ой-пикир

Бишкекке санитардык посттор аркылуу гана кирип-чыгууга болот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, шаардын кире беришинде келгендердин саламаттыгы текшерилет, келишинин-кетишинин максаттары тууралуу маалымат алынат. Ал жерлерде медицина, ӨКМ жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш алып барышат.

Санитардык посттордун даректери:

— Фучик менен Чоң Чүй каналынын кесилиши;

— Жаш Гвардия бульвары менен Саадаев көчөсүнүн кесилиши;

— Тоголок Молдо менен Саадаев көчөсүнүн кесилиши;

— Курманжан Датка менен Чоң Чүй каналынын кесилиши;

— Жибек-Жолу менен Лермонтов көчөсүнүн кесилиши;

— Салиева менен Ауэзов көчөсүнүн кесилиши;

— Ауэзов менен Анкара көчөсүнүн кесилиши;

— 7-апрель көчөсү (панорамага кайрылышта);

— Кожобергенов менен Жеңишке 50 жыл (Семетей көчөсүнөн жогору);

— Дэн Сяопин менен Алыкулов көчөсүнүн кесилиши;

— Муромская менен Алыкулов көчөсүнүн кесилиши;

— Кожобергенов менен Семетей көчөсүнүн кесилиши.

Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаал боюнча түшүнбөгөн учур болсо 625813, 0555839379 номерине кайрылууга же шаардык штабдын WhatsApp номерине – 0705 025 010 – жазууга болот.

Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун түз байланыш номери аркылуу тиешелүү кеңеш алууга болот: 0555 920241.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.