Бүгүн парламенттин кезексиз жыйыны өтөт

Окуялар тизмеги 24 Мар 2020 10:38
0 ой-пикир

Бүгүн, 24-март саат 15:00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйыны өтөт. Жыйындын күн тартибинде өзгөчө абал киргизүү жөнүндө маселе каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынып, тиешелүү Жарлыктарга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.