Мамлекеттик кызматкерлер дем алышсыз иштөөгө өтөт

Окуялар тизмеги 21 Мар 2020 19:45
0 ой-пикир

Мамлекеттик органдар, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары үчүн 22, 28, 29-март, 4, 5, 7, 11, 12-апрель иш күндөрү деп белгиленди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүүгө, экономиканын башка чөйрөлөрүнүн туруктуу ишин камсыздоого багытталган.

Өкмөт учурдагы кырдаал мамлекет жана мамлекеттик бийлик органдары тарабынан тиешелүү чараларды көрүүнү талап кыларын, ошондуктан эс алуу жана майрам күндөрү да иштөөгө туура келерин белгилейт.

Муну менен катар бюджеттик мекемелерди тейлеген коммерциялык банктарга 22, 28, 29-мартты, 4, 5, 7, 11, 12-апрелди иш күндөрү деп жарыялоо сунушу берилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.