Жалган маалыматтарды тараткандарга карата катуу чара көрүлөт, — деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.
УКМКдан билдиришкендей, коронавирустун таралышы боюнча маалыматтардын фонунда кооптонуу ушактарын, фейк маалыматтарын тараткан тараптарды аныктоо, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.
«Азыркы тапта республикада кырдаал туруктуу. Базарлар жана соода түйүндөрү өз нугунда иштеп жатат. Коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, 0(312) 88 16 84 ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр», — деп айтылат маалыматта.
УКМК жалган маалыматтарды жана башка ушул багыттагы материалдарды тараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет.