Өкмөт башчы: Коронавирус менен күрөшүүгө 1,1 млрд сом бөлүнүп жатат

Окуялар тизмеги 19 Мар 2020 14:13
0 ой-пикир

Бүгүн, 19-марта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында коронавируска байланыштуу өкмөт маалымат берүүдө.

Өкмөт башчынын маалыматы боюнча, саламаттык сактоо министрлигине — 30 млн сом, өзгөчө кырдаалдар министрлигине — 21 млн сом, ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу инспекциясына- 5 млн сом бөлүндү.

“Экономиканы колдоого 400 млн сом бөлүндү. Андан тышкары эки мамлекеттик банк буудай менен алектенген ишкерлерге 8 % менен 800 млн сом бөлдү. Мамлекеттик резервдер фондуна 411 млн сом бөлүндү. Жалпысынан Кыргызстан коронавирус менен күрөшүүгө 1,1 млрд сом бөлдү”, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

“Кытайдын импортунун жоктугунан 2 млрд 80 млн сом жоготтук. Башка көрсөткүчтөр боюнча да жоготуулар бар” — деди премьер-министр.

Белгилей кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.