Тамада Арстан Алайды коронавирус үчүн сотко берди

Окуялар тизмеги 17 Мар 2020 20:33
0 ой-пикир

Тамада жана теле алып баруучу Урматбек Асанбеков коомдук ишмер Арстан Алайдын үстүнөн сотко арызданды. Бул тууралуу ал өзү Твиттердеги баракчасына жазган.

Асанбеков Твиттерге жарыялаган доо арызына ылайык, «15-мартта коронавирустун пайда болушу мүмкүн деген маалымат тарагандыктан, кардарлар мага байланышып, мурда белгиленген тойлорду өткөрүүдөн баш тартышты. Ошого байланыштуу мага алып баруучу катары моралдык зыян келтирилди», — деп жазган ал.

Тамада анын материалдык жана моралдык зыян тартып калуусуна Арстан Алайды күнөөлөгөн. 

«Арстан Алай 2019-жылдын 19-октябрында өзүн «Кудай» атаган, ал эми 2020-жылдын 3-мартында «Кытайга корнавирусту мен жөнөткөм» деген маалымат тараткан. Бул сөздөрдү жокко чыгарган эч ким болгон жок. Демек, анын чындыгы бар болушу мүмкүн. Адам өз сөздөрү үчүн жооп бериши керек», — деген тамада өз арызында.

Тамада материалдык жана моралдык чыгымын 50 миң сомго баалаган.

Эскерте кетсек, өзүн “Кудаймын” деген Арстан Алай мындан мурда мен Кытайга коронавирусту жөнөтүп койгом деп айтканы бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.