Шаардык сот «Азаттыктын» адвокатынын арызын канааттандырган жок

Окуялар тизмеги 12 Мар 2020 14:41
0 ой-пикир

12-мартта Бишкек шаардык соту «Азаттыктын» кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Акмат Алагушевдин Свердлов райондук сотунун аныктамасына каршы берген жеке арызын канааттандыруудан баш тартты.

Адвокат шаардык сотко Свердлов райондук сотунун ишти Ленин райондук сотуна өткөрүп берүүдөн баш тарткан аныктамасына каршы февраль айында арыз жазган.

Алагушев Матраимовдордун үй-бүлөсү үч медиага жана журналистке коюп жаткан доосу боюнча 29-январдагы соттук отурумда ишти Свердлов райондук сотунан Ленин райондук сотуна өткөрүп берүүнү сураган. Мындай өтүнүчтү негизги ишти карап жаткан Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова канааттандырган эмес.

Буга чейин ушул эле судья Матраимовдордун үй-бүлөсү үч медиага каршы арыз берери менен медиа каражаттарынын банктагы эсептерин камакка алуу боюнча чечим чыгарган. Ушундай негиздерге таянган жактоочу сотко төрагалык кылуучу судья Жылдыз Ибраимова калыстык кыла албайт деп эсептейт.

Адвокат ушундан улам Бишкек шаардык сотунан ишти Ленин же Октябрь райондук сотуна өткөрүп берүүнү өтүнгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.