Мамлекеттик кызматкер бомба тууралуу жалган маалымат таратканбы?

Окуялар тизмеги 12 Мар 2020 10:25
0 ой-пикир

11-мартта Ош облусунун Кара-Суу районундагы РЭСке бомба коюлган деген жалган маалыматты тараткан адам кармалган. УКМКнын маалымат кызматы ал жаран Кара-Суу районуна караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын картография бөлүмүнүн башкы адиси экенин кабарлаган.

Мамлекеттик каттоо кызматы бул маалыматты четке какты.

«УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүндөгү «Кара-Суу районуна караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын картография бөлүмүнүн башкы адиси экендиги аныкталды» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Жалган маалымат тараткан адамдын Мамлекеттик каттоо кызматына тиешеси жок. Маалыматта айтылган картография бөлүмү, тагыраагы, жер кыймылсыз мүлк боюнча бөлүмдөр өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 1-августунда Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин базасында өкмөткө караштуу Жер ресуртары боюнча мамлекеттик агенттиги түзүлгөн. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.