Жаз майрамында кагылган руханий жана маданий добулбас

Окуялар тизмеги, Статьялар 11 Мар 2020 11:45
0 ой-пикир

Искусствонун улуулугу биринчи

кезекте музыкадан көрүнөт

Жаз майрамынын алдындагы жамгырлуу кечте кыргыз элинин чыныгы элитасы – маданияттын, илимдин корифейлеринин, элге эмгеги сиңген инсандардын, маданиятты өнүктүрүүгө ар тараптан салым кошуп келе жатышкан бизнесмен-меценаттардын башын бириктирген жогорку деңгээлдеги искусство кечеси болуп өттү. Кеченин өтүүсүнө себепчи асылзат айымдар СССРдин эл артисттери, айтылуу опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева, чебер комузчу Самара Токтакунова, ак куудай болгон балерина Айсулуу Токомбаева жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти булбул үндүү Дарика Жалгасынова эле. Ал эми кыргыз искусствосунун каймактарын бир жерге жыйнап, көңүлдү көккө көтөргөн керемет кечени уюштурган ушул долбоордун автору, көкүрөгүндө нукура маданияттын өкүлдөрүн даңазалоо идеясын багып келген Гүлбара Барыктабасова болду.

“Ала Тоо” эс алуу борбору бул азем кечеге жомоктогудай жасалгаланыптыр. Сыртта үч примадоннанын, К. Сартбаеванын, С. Токтакунованын жана А. Токомбаеванын чоң сүрөттөрү илинип, ички фойеде  алар басып өткөн чыгармачыл жолду чагылдырган атайын стенддер көз жоосун алат. “Манас” президенттик камералык оркестри В. Моцарттын музыкасын ойноп, сахна  гүлгө чөмүлүп, жасалгалуу кийинген мырзалар менен айымдар ийиле саламдашып, майрамдык маанай сезилип турду. Искусство майрамы тандалма фольклордук чыгармалардан тарта заманбап музыка жана классикалык чыгармалар, даңктуу айымдардын чыгармачыл жолун чагылдырган документалдуу тасмалар менен баштан аяк коштолуп турду.

Бийик искусство кечесин уюштурган Гүлбара Барыктабасова көптөн бери эңсеп келген кыялы кандайча ишке ашканы тууралуу мындайча ой бөлүштү:

СССР деген мамлекет жок болгонуна көп убакыт өттү, бирок СССРдин Эл артисттери бар. Алар убагында дүйнөлүк маданият казынасына баа жеткис салым кошушкан. Акыркы кезде СССРдин Эл артисти наамына татыган 125 адам  калганы белгилүү болду. Алардын ичинен төртөө биздин мекендештерибиз – Токтонаалы Сейталиев, Кайыргүл Сартбаева, Самара Токтакунова жана Айсулуу Токомбаева. Ошондо эле коомчулуктун көңүлүн өмүрү легендага айланып калган калган сыймыктуу мекендештерибизге бурууну эңсеп келгем. Анткени биз аларды көзү барында сыйлап, барктап, даңазалап алышыбыз керек! Мындай мамилени алар чындап муктаж кезинде көрсөтүшүбүз зарыл деп ойлойм. Искусство — бул элдин генетикалык жана тарыхый коду болуп эсептелет. Эгер ар бир адам өз ордунда искусство өкүлдөрүнө көңүл бурса, бизде дүйнөнү дүңгүрөтө турган таланттар дагы пайда болот. Биздин айылдарда, эл арасында өзүнүн Димаш Кудайбергеновдору бар экенине ишенем. Ошондой таланттуу адамдарга кам көрүп, алардын чыгармачылыгын бөпөлөп турушубуз керек. Ошондо алардын чыныгы таланты ар тараптан ачылат. Бүгүнкү азем кечебиз да дүйнөлүк маданияттын көрүнүктүү өкүлдөрүнө арналган. Биз өзүбүздүн руханий дүйнөбүз менен, нравалык баалуулуктарыбыз менен гана эл катары, мамлекет катары сакталып келе жатабыз.

Кеченин демөөрчүсү “Биовит” фармацевтикалык ишканасынын башкы директору Рахим Бабаев жөнүндө да айтпасам болбос. Бул ишкана көптөгөн дары-дармектерди чыгарып чет өлкөлөргө экспорт кылат. Мындан тышкары дагы башка демөөрчүлөргө да зор ыраазылык билдирем! Эгер адамдардын бардыгы бир тилектин алдына биригишсе, кемени өздөрү эле куруп алышаарына ишенем.

Биз бардыгыбыз советтик доордун тарбиясын алганбыз. Убагында мыкты опера чыгармасы “Мадам Баттерфляйда” Чио-Чио Сандын образын келиштире аткарган Кайыргүл Сартбаеванын, Самара Токтакунованын комузду укмуштуудай чебер ойногонуна, балет примадоннасы Айсулуу Токомбаеванын чыгармачылыгына сугарылып чоңойгонбуз. Ушул үч мыктыны бир жерге жыйноо жөнүндө кыял бар эле, ошол эми ишке ашты. Мен аларга болгон сый-урматымды көрсөтүп, аларды дагы даңазалаганга мүмкүндүк таптым. Мен бактылуумун!

Бул ишти уюштуруу 21-январда башталган. Айсулуу Токомбаева Түркияда иштеп жаткандыктан аны менен байланыштык. 8-марттын алдында майрамдык, руханий бир добулбас кагалы деп оюмду билдирдим. Эжелер “биз келебиз, сахнада ырдап да беребиз!” дешти. Ушул кыялымдын ишке ашуусуна жардам берген досторума абдан ыраазымын!

Бул кечеде Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерин да сыйлап жатабыз. Согуш учурунда искусство өкүлдөрү майдандын алдыңкы сабында болушуп, жоокерлерди жеңишке шыктандырып турушкан. Себеби искусство ар дайым адамдардын жашоосунун маңызын, кайгы-кубанычын чагылдырып келген. Быйылкы жазда Улуу Жеңиштин 75 жылдык салтанаты өтөт. Биздин өткөн тарыхыбыз, искусствобуз да бул жеңиш менен тыгыз байланышкан.

Ал эми ушул даңктуу кеченин башкы каармандары өз пикирлери менен мындайча бөлүштү:

Кайыргүл Сартбаева: — Биз бүгүнкүдөй кечени совет доорунда да, эгемендик доору болгон отуз жылдын аралыгында да көргөн эмеспиз. Ала Тоо борборуна,  демөөрчүлөргө чоң ыраазычылык билдиргибиз келет. Биздей адамдарды көзү тирүүсүндө даңазалаганы үчүн миң мертебе ыраазыбыз!

Самара Токтакунова:- Мен дагы кубанычка бөлөнгөн өзгөчө сезимде турам! Ушунчалык сый-урматты биринчи жолу көрүп жатам. Бүгүнкү бизге арналган атайын кечени уюштургандардын бардыгына өзгөчө ыраазымын! Кече жомоктогудай уюштурулган. Элибиздин айымдарын жазгы майрамы менен куттуктайм!

Айсулуу Токомбаева: — Мен Анкара шаарындагы “Хаджитепе” университетине караштуу консерваторияда иштейм. Бүгүн биз үчүн уюштурулган укмуштай сонун кечеге келип, толкунданып турам. Чоочун өлкөдө жүргөндө бир кезде сени жакшы билген, тааныган адамдарды көргүң келет. Ошондой адамдарды көрүү чыгармачыл адамга жаңы эргүүлөрдү берет. Ошондуктан мен Кыргызстанга келген сайын ушунчалык чоң эргүү, шыктанууга туш болом. Менин жолдошум да дайыма “Өз мекениңе келип абасынан дем алгандан өткөн эс алуу жок” деп айтчу. “Киндик кан тамган жердин топурагы алтын” деген ушу болсо керек. Жашың өткөн сайын басып өткөн жолуңа кылчайып, турмушта жолуккан адамдарды көп эстейт экенсиң. Мен ар бир келген сайын Чолпонбек Базарбаевдин, Уран Сарбагышевдин, Арстанбек Ирсалиевдин, Мелис Асылбашевдин, Калый Молдобасановдун, Насыр Давлесовдун, Болот Миңжылкиевдин жок экендигине ичим сыйрылат. Ойлосом, биздин мезгилибиз искусствонун “алтын доору” болуптур. Бизге абдан мыкты билим берилип, биз дагы өз потенциалыбызды жакшы колдонгондуктан, мамлекетибизде искусствонун деңгээли жогору кармалып турган экен. Акырында айтаарым, мени алыстан атайын чакырып ушундай сый-урмат көрсөткөндүгү үчүн, Ала Тоо борборуна жана башкаларга зор алкыш айтам!

Айсулуу Токомбаева менен Гүлбара Барыктабасова

Кеченин жүрүшүндө КР эмгек сиңирген артисти Замира Мавлянова “Эхо любви”, Аксай Мукамбет уулунун “Синяя вечность”, КР эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкуловдун “Ай баратат”, “Караш-караш окуясы” тасмасынан Сүймөнкул Чокморовдун аткаруусундагы “Темиртаздын ыры”, “Акак” комузчулар ансамблинин мыкты аткарган күүсү, КР эмгек сиңирген артисти Актан Исабаевдин “Энекем” чыгармасы, келечектен көптү үмүттөндүргөн Нурчолпондун атаруусундагы “Беш ыргай” ыры жаңырды.

Ал эми Кыргыз-орус Славян университетинин окутуучусу, акын Анэс Зарифьян өзүнүн ырларынан окуп, ырдап да берди. Бөтөнчө таасир калтырган окуя, Кыргыз Эл Баатыры, айтылуу Улукман Эрнст Акрамовдун жана анын өнөктөшү Гүлназ Дүйшөмбиеванын аткаруусундагы композитор Евгений Доганын “Мой ласковый и нежный зверь” кинофильминдеги вальсы болду. Жашы сексен бешке жетип калган аксакалдын вальсты бийлегенин көрүп жатып, бир кезде бизде болгон классикалык искусствонун мыкты салты эске түштү. Көңүлдү көкөлөткөн музыка, ага төп жарашкан жуптун жарашыктуу бийи музыка адам үчүн чыныгы дөөлөт экендигин сездирип турду.

Көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн иш кече аяктап бара жатканда болду. СССРдин Эл артисттери Кайыргүл Сартбаева, Самара Токтакунова жана Айсулуу Токомбаева үчүн атайын жасалган белектер – “Залкар” номинациясындагы кымбат баалуу асыл таштар чөгөрүлгөн  көз мончоктор (колье) болду. Бул кымбат баалуу белектерди Ала Тоо борборунун адистери иштеп чыгып, “Опал” ишканасы тендерден утуп алып, үч чыныгы залкарга арнап атайын жасаган. Ушул кечени уюштуруунун башкы демөөрчүсү, “Биовит” ишканасынын башкы директору Рахим Бабаев кыргыз маданиятынын легендаларына “Залкар” көз мончокторун такты, кыргыз маданиятын байыткан зор эмгеги үчүн аларга ыраазылык билдирди.   Ал эми өкмөт жасай турган, далай материалдык, моралдык чыгымды талап кылган зор ишти мойнуна алып, жогорку деңгээлдеги искусство кечесин уюштурган Гүлбара Барыктабасова, Ала Тоо борборунун жамааты даңазалуу искусство легендаларынын сөөгүн агарткандыгы үчүн зор ыраазычылыкка гана татыктуу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.