Президент Жээнбеков бүгүн Лейлекти кыдырат

Окуялар тизмеги 11 Мар 2020 10:36
0 ой-пикир

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында Лейлек районун кыдырат. Бул жөнүндө мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Баткен районун жана Баткен шаарын кыдырып, анын алкагында Баткен чек ара отрядына барган жана бир катар мекемелердин ишин көрүп чыккан.

Мындан тышкары президент өрүктү, сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды, айнек заводун, касапкана жана темир-бетон заводун куруу долбоорлору менен таанышып чыкты.

Ошондой эле мамлекет башчы Баткен шаарын таза суу менен камсыз кылуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо ишине күбө болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.