Президент согуш ардагери Кошон Байматовдон кабар алды. Сүрөт

Окуялар тизмеги 11 Мар 2020 18:29
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта Баткен облусуна болгон иш сапарынын экинчи күнүндө Лейлек районунун Раззаков айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кошон Байматовдон кабар алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.

Мамлекет башчысы менен баарлашууда ардагердин балдары менен неберелери Кошон Байматовдун согуш жылдары жөнүндө айтып беришти.

Кошон Байматов 1922-жылы 2-майда туулган. 1942-жылы өз ыктыяры менен фронтко кеткен. Фашисттик баскынчылардан бошотуу боюнча көптөгөн операцияларга катышкан. Сталинграддан Берлинге чейин даңктуу аскердик жолун басып өткөн.

Согуш мезгилинде көрсөткөн эрдиги үчүн «Кызыл Жылдыз» ордени, «Германияны жеңгендиги үчүн», «Варшаваны бошоткондугу үчүн», «Берлинди алгандыгы үчүн» медалдары жана башка сыйлыктар менен сыйланган.

Согуштан кийин Кошон Байматов өз айылына кайтып келип, айыл чарба тармагында эмгектенген.

Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана узун өмүр каалады. Мамлекеттик органдар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен катышуучуларына ар дайым өзгөчө көңүл бураарын билдирди.

«Биз ата-бабаларыбыздын эрдигин жана каармандыгын эсибизде сактайбыз. Бардык курман болгондордун, анын ичинде Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон 130 миңден ашуун кыргызстандыктын элесине таазим этебиз. Өз өмүрүн биздин келечегибиз үчүн арнагандарды эстеп жүрүүгө милдеттүүбүз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ардагер менен анын балдары жана неберелеринин курчоосунда баарлашып, эстеликке сүрөткө түштү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.