Президент Исхак Раззаков жөнүндө кандай пикир калтырды? Сүрөт

Окуялар тизмеги 11 Мар 2020 12:56
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта Исфана шаарындагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейине барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.

Мамлекет башчысы музейдин экспонаттарын көрүп чыгып, меймандар китебинде кол жазмасын калтырды.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө жана социалдык-экономикалык өнүгүшүндө Исхак Раззаковдун өзгөчө ордун белгиледи. Үстүбүздөгү жылы Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын алкагында иш-чаралар жогорку улуттук деңгээлде өткөрүлө тургандыгын билдирди.

Эске салсак, 2020-жылдын январь айында Мамлекет башчысы «Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Өлкөнүн Өкмөтү тарабынан мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.