Президент «Исфана — Кайрагач» автожолунун курулушу менен таанышты

Окуялар тизмеги 11 Мар 2020 17:06
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта Баткен облусундагы «Исфана — Кайрагач көзөмөл өткөрүү пункту (КӨП)» автожолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов негизги курулуш иштери бүткөндүгүн, бүгүнкү күндө жол белгилерин орнотуу, жөө адамдардын өтмөктөрү жана аялдама пункттары боюнча иштер жасалып жаткандыгын маалымдады.

«Исфана — Кайрагач КӨП» автожолунун жалпы узундугу 36,1 чакырым.

Жергиликтүү тургундар менен болгон баарлашууда Мамлекет башчысы өлкөнүн транспорт далистерин реконструкциялоо бардык облустарда улантыла тургандыгын билдирди. Бул иштер аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналаарын белгиледи.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.