Депутаттарды чет өлкөгө чыгарбоо сунушу айтылды

Окуялар тизмеги 11 Мар 2020 17:44
0 ой-пикир

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизүү сунушталды.

Бул сунушту депутат Дастан Бекешев киргизди. Анын айтымында, коронавируска байланыштуу эл өкүлдөрүнүн чет мамлекетке болгон иш сапарларын токтотуу керек.

Эл өкүлү жаңы типтеги вирус 112 өлкөгө жеткенин айтып, ал эми Франция, Испания, Ирандын депутаттары бири-бирине жугузуп жатканын белгиледи.

«Башка өлкөнүн депутаттары коронавирусту бири-бирине жугузуп жүрүшөт. Бизде кээ бир депутаттар ошого карабастан иш сапарга чыгып жатышат. Эл өкүлдөрүнө чет мамлекетке болгон иш сапарларына тыюу салуу керек. Кээ бири Германияда жүрүшөт. Жогорку Кеңешке болгон экскурсияны токтоттук, депутаттардын иш сапарын дагы токтотуу зарыл. Келгенде карантинге жатышсын. Ушундай буйрукту чыгарсаңыз. Дүйнөдө көпчүлүк парламент ушундай чечимге келип жатышат», — дейт Дастан Бекешев.

Ал эми төрага Дастан Жумабеков учурда иш сапарларды токтотуу боюнча сүйлөшүү болуп жатканын билдирди. Өз демилгеси менен кетип жаткан депутаттарга да эскертүү берилерин кошумчалады.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңеш жана президенттин иш кеңсеси жайгашкан имаратка сырттан келгендерди киргизүү убактылуу токтотулду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.