Депутат: Азыр курал сатуу чоң коррупцияга айланып калды

Окуялар тизмеги 11 Мар 2020 11:15
0 ой-пикир

10-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында «Курал жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевдин айтымында, 1999-жылы кабыл алынган «Курал жөнүндө» мыйзамга 15 жолу өзгөртүү киргизилсе да, азыркы талаптарга ылайык келбейт.

«Анткени акыркы 20 жыл аралыгында жарандык куралдарды жүгүртүүгө байланышкан ченемдик укуктук мамилелер кыйла өзгөрүлдү, ошондой эле курал менен ок-дарылардын жаңы түрлөрү пайда болууда», — дейт Орозалиев.

Депутат Каныбек Иманалиев премьер-министрлердин кимдир бирөөлөргө курал-жарак тартуулоосуна тыюу салуу сунушун айтты.

«Курал-жарак тартуулаган мурдагы өкмөт башчылары түрмөдө отурат. Эмне, премьер-министрдин андан башка жумушу жокпу? Азыр курал сатуу чоң коррупцияга айланып калды», — деди ал.

Эске сала кетсек, абактагы Алмазбек Атамбаев премьер-министр кезинде 2010-жылы «Решала» деген ылакап ат менен белгилүү орусиялык кримтөбөл Максим Каганскийге жана анын жубайына ТТ, CZ-75 жана «Викинг» үлгүсүндөгү үч тапанчаны белекке берүү тууралуу буйрукка кол койгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.