Президент аймактык ветеринардык лабораториянын иши менен таанышты. Сүрөт

Окуялар тизмеги 10 Мар 2020 21:12
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-мартта, Баткен облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Баткен аймактык ветеринардык лабораториясына барды.

Бул лабораториянын негизги максаты — эпизоотикалык абалды көзөмөлдөө, ар кандай ветеринардык лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү болуп саналат.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу менен өлкөнүн инфратүзүмдөрүн, анын ичинде лабораторияларды Бирликтин талаптарына ылайык келтирүү маселелери актуалдуу болгондугун эске салды.

Баткен аймактык ветеринардык лабораториясынын жаңы имаратынын курулушу 2016-жылы башталган. Бүгүнкү күндө ушундай эле лабораториялар Талас, Балыкчы жана Каракол шаарларында иштеп жатат.

Президент продукцияларды чет өлкөлүк базарларга чыгаруу менен катар эле алардын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттин маанилүү милдети болуп саналарын билдирди. Экспортко жөнөтүлүп жаткан продукциялардын сапаты өлкөнүн аброюна түздөн-түз таасирин тийгизерин баса белгиледи.

Андан ары Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарындагы «Анварбек» айыл чарба кооперативинин иши менен таанышты. Маалымдалгандай, кооператив 20 гектардай жерди иштетет. Анда тамчылатып сугаруу жолу менен бадам көчөттөрү өстүрүлөт. Мамлекет башчысы айыл чарба кооперативинин жетекчиси менен бирге бак-дарактардын көчөттөрүн отургузду.

Аталган кооперативде 2020-жылдын аягына чейин 40 жумушчу орун түзүлөөрү күтүлүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков ушундай фермелер жана ишкерлердин күч-аракеттери менен аймактар жана жалпы өлкө өнүгөөрүн канааттануу менен белгиледи. Ал мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликти айыл жергесиндеги ишкерлердин демилгелерин колдоого алууга жана алардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп берүүгө чакырды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.