Экс-президент: Ички иштер министри кызматтан кетиши керек

Окуялар тизмеги 10 Мар 2020 13:10
0 ой-пикир

Бүгүн, 10-мартта Бишкекте 8-март күнү камалган айымдарды колдоо максатында митинг өтүүдө. Акцияны “Зомбулукка каршы” деп аташкан. Ал саат 12:00дө Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелиги алдында башталды.

Акцияга экс-президент Роза Отунбаева катышууда. Ал Кашкар Жунушалиев жетектеген Ички иштер министрлигинин 8-марттагы аялдар маршына каршы аракеттерин сындап, министрдин кызматтан кетишин талап кылды:

«Жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга ички иштер министри жооптуу. Ал кызматтан кетиши керек. Кыргызстандын абийирин төгүп аткан бир министр жана анын командасы болуп атат».

Отунбаеванын айтымында, 8-майда тынчтык жүрүшкө чыккан аялдарга милициянын мамилеси Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө уят кылды, эгемендик жылдарынан бери күрөшүп жеткен демократиялык баалуулуктарга шек келтирди.

Экс-президент ошондой эле азыр коомдогу эң орчундуу маселе — аялдарга карата зомбулук болуп жатканын, буга бийлик кескин чара көрүшү зарылдыгын белгиледи.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.