Ак үйдүн кызматкерлерине кол көтөргөн аял эки айга камалды

Окуялар тизмеги 10 Мар 2020 16:09
0 ой-пикир

2020-жылдын 2-мартында Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөргөн митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп, айрымдарына кол көтөргөн аял СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкектин Свердлов районудк соту аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Эске салсак, 2-марттагы митингден кийин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган Жазык кодексинин массалык башаламандык менен сотко чейинки өндүрүш башталган. 2020-жылдын 4-март күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан Бишкекте 2020-жылдын 2-мартында Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөргөн митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине жана өтүп бара жаткан жарандарга маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп, коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин бузуу менен башка белгисиз аялдар менен кошо кол салган аял кишинин өздүгү такталган. Ал 1973-жылы туулган Ч.Н. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББине жеткирилген.

Андан сырткары бейбаштык аракеттери менен эч себепсиз мазактап, маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп кол салышкан белгисиз аялдарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрү үчүн арыз менен Жогорку Кеңештин кызматкерлери дагы кайрылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.