Венесуэлада 50 миңдей добуш санаган жабдыктар өрттөнүп кетти

Окуялар тизмеги 09 Мар 2020 21:54
0 ой-пикир

Венесуэлада добуш санаган 50 миңдей аппарат өрттөнүп кетти. Андан сырткары баш калаа Каракастагы кампада сакталып турган, шайлоо маалында колдонулган 600дөй компьютер күйүп кетти. Бул тууралуу Венесуэланын Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргенин «Азаттык» жазды.

Техниканын жок болушу быйыл өтө турган парламенттик шайлоого кедергисин тийгизиши мүмкүн экени кабарланды.

Венесуэлада былтыр жыл башынан бери саясий кырдаал тынч эмес. Учурда парламенттеги көпчүлүк орундарды оппозиция ээлеп турат. Президент Николас Мадуронун саясий каршылаштары парламенттик шайлоонун ордуна президенттик шайлоону өткөрүүнү талап кылып жатышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.