Шаардык сот митингдерди чектеген чечимди жокко чыгарды

Окуялар тизмеги 09 Мар 2020 15:52
0 ой-пикир

Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун 1-июлга чейин райондун аймагында митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимин жокко чыгарды.

Мамлекеттик эмес бардык иш-чараларга, марштарга жана жүрүштөргө 1-июлга чейин чектөө киргизүүнү сурап райондук сотко жергиликтүү акимчилик кайрылып, райондук сот бул арызды 6-мартта канааттандырган.

Өз арызын Биринчи май райондук администрациясы “дүйнөдө жайылып жаткан коронавирусту жана ар кандай башаламандыктардын алдын алуу чаралары” деп негиздеген.

8-мартка жүрүшкө даярданып жаткан демилгелүү топ райондук соттун бул чечиминен кийин жарандардын Баш мыйзамдагы укугу бузулганын айтып, соттун чечимине нааразылык билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.