Милициядан «белек»: 8-мартта жүрүшкө катышкандарга айыппул салынды

Окуялар тизмеги 09 Мар 2020 16:25
0 ой-пикир

8-март күнү аялдардын укугун коргоо боюнча митингдин катышуучуларына айып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жеңиш аянтындагы митингден кийин милицияга жалпысынан 11 адам жеткирилген, алардын алтоо кыз-келиндер, бешөө эркек. Алар: 23 жаштагы К.А., 22 жаштагы А.М., 36 жаштагы А.Г., 34 жаштагы К.А. 47 жаштагы Т.Г., 38 жаштагы С.М. аттуу митинг катышуучуларына айып салынды. Андан тышкары, коомдук тартипти бузган 40 жаштагы К.З., 20 жаштагы Ш.Э., 21 жаштагы А.М., 27 жаштагы К.Б. жана 57 жаштагы Д.К аттуу жарандар.

Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлүп, кармалгандар коомдук тартипти бузгандыгы үчүн айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Алардын ар бири 3 миң сомдон төлөшү керек.

«Акция башталганда митингдин катышуучулары менен өзүнчө турган бир топтун ортосунда адегенде кайым айтышуу болуп, андан соң алар жулкулдаша кетишкен. Чыр ырбап кетпеши үчүн милиция коомдук тартипти сактоо боюнча ыкчам чара көрдү. Натыйжада чагымга жана чырга эки тараптан тең тиешеси бар болгондор Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди», — деп айтылат шаардык милициянын билдирүүсүндө.

Эске салсак, күн мурун, 8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бет кап, калпак кийген белгисиз адамдар аны үзгүлтүккө учуратып, жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кеткен. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.