Мамэкотехинпекциясынын кызматкерлери иш бөлмөсүндө пара менен кармалды. Сүрөт

Окуялар тизмеги 09 Мар 2020 11:02
0 ой-пикир

Мамэкотехинпекциясынын кызматкерлери пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6-мартында УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Экологиялык жана техникалык мамлекеттик инспекциясынын Талас областындагы башкармалыгынын башкы инспектору А.К. жана инспектору З. у. С. пара алып алып жаткан учурда кармалышты.

Такталгандай, жогорудагы аталган адамдар жеке ишкананы текшеребиз деген шылтоо менен ишкерден акча талап кылышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалгандар Талас облустук ИИБ Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.