Элчиликте бомба бар деген жаран кармалды. Сүрөт

Окуялар тизмеги 09 Мар 2020 15:44
0 ой-пикир

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинде жарылуучу зат орнотулганы тууралуу жалган маалымат берген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-март күнү УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө белгисиз бирөө чалып, Орусия Федерациясынын элчилигинин консулдук бөлүмүндө жардыруучу зат орнотулганы боюнча анонимдүү маалымат калтырган.

Окуя болгон жерге дароо УКМКнын атайын адистеринен турган топ барып, аймак курчоого алынып,  дипломатиялык кызматкерлер эвакуацияланган.

Мекемени текшерүүнүн жүрүшүндө кандайдыр бир жарылуучу зат жок болуп чыккан.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Терроризим актысы боюнча жалган маалымат берүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 46 жаштагы М.Т.К. аттуу кыргыз жараны кармалды. Такталгандай, ал бейбаштык кылып, анонимдүү маалымат жиберген. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.