«Аялдардын шериктештик маршы» Бишкекте кайра өтмөй болду

Окуялар тизмеги 08 Мар 2020 11:04
0 ой-пикир

8-март – Аялдардын эл аралык күнү белгиленет. Бишкекте бул күнү «Аялдардын шериктештик маршы» өтөт. Анда аялдардын укуктары, гендердик теңдик жөнүндө маалыматтар айтылат.

Жүрүш саат 12:00дө Жеңиш аянтынан башталат. Жөө жүрүштү активисттерден турган демилгелүү топ уюштуруп жаткандыгы айтылды. Жүрүштүн негизги максаты — үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу чараларын күчөтүүнү талап кылуу жана зомбулукка каршы биригүү.

Буга чейин жергиликтүү соттор Биринчи май, Ленин, Октябрь райондорунун бийликтеринин арызынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө 1-июлга чейин чектөө киргизген. Мындай чечимдер арыз берген тараптардын коронавирустун жайылышына жана массалык башаламандыкка жол бербөө өтүнүчүнө ылайык кабыл алынган.

Бирок Бишкек мэри Азиз Суракматов коомчулуктун пикирин эске алып, борбор калаанын айрым райондорунда тынч жыйындарга тыюу салуу чечимине каршы экенин маалымдаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.