8-март майрамынын тарыхы

Окуялар тизмеги 08 Мар 2020 13:40
0 ой-пикир

Аялдардын эл аралык күнү бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө белгиленген майрам. Майрамды белгилөө алгач аялдардын укуктары үчүн күрөшүүдөн башталган. Учурда 8-март — дүйнөлүк коомчулукта аялзатынын жана жаз майрамы катары кабыл алынып, белгиленип келет. 

8-март — Айымдардын Эл аралык майрамы. Аялдар күнүн белгилөө жөрөлгөсү байыркы Римден бери келе жаткан салтка кирет. Байыркы Рим шаарында Аялдар күнү үй-бүлөлүү зайыптар күйөөлөрүнөн белек алып, алар көңүл борборуна айланып, тиричилик түйшүгүнөн аз да болсо узакташкан экен. Күндөр өтүп, жыл кылымга алмашып, акыры америкалык тикмечи айымдар теңчилик үчүн 1908-жылы 8-мартта Нью-Йорк шаарында митингге чыгышкан. Ошентип Аялдардын күнүн белгилөө алардын экономикалык жана коомдук абалын теңдөө күрөшүнө айланган.

Бир жыл өтүп америкалык Социалисттик партия 1909-жылы февраль айынын акыркы дем алышын Аялдардын улуттук күнү деп жар салып, 1913-жылга чейин белгиленген. Ал эми 1910-жылы Копенгагенде өткөн социалист аялдардын Экинчи Эл аралык конференциясында АКШнын өкүлдөрү коммунист Клара Цеткин менен жолуккан.Дал ушул жыйында Клара Цеткин Аялдардын эл аралык күнүн бекитүү сунушун киргизген. Негизги максаты — бул күнү аялдар өздөрүнүн көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруп, митинг жана жүрүштөрдү уюштуруу болгон.

Биринчи жолу Айымдардын майрамы 1911-жылы 19-мартта Германия, Австрия, Дания жана Швейцарияда белгиленген. 1912-жылы бул күн ошол эле өлкөлөрдө 12-майда белгиленип келген. Кийин айымдардын майрамы 8-мартка жылдырылган. 

Учурда 8-март улуттук майрам катары белгиленип, дээрлик бардык өлкөлөрдө дем алыш күн. Бирок Лаосто жана Мадагаскарда — бул күн айымдар үчүн гана дем алыш. Ал эми Кытайда аялдар үчүн иш күнү кыскартылган. Европа өлкөлөрүндө бул күн кызыл эмес, бирок аялдардын укуктары үчүн ар кандай митинг, жыйын жана жүрүштөр өтөт. Албетте, сүйүктүү айымдарды жаз майрамы менен да куттукташат. 

Кыргызстанда Аялдардын эл аралык күнүнүн өзүнүн тарыхы бар. Кыргыз Автономиялык облусунун дыйкан-батрак аялдардын I облустук курултайы 1925-жылдын 8-мартында ишин аяктаган. Курултайга Кыргызстан аймагынан 105 делегат дайындалып, жыйын Пишпек шаарында өткөн.

Кыргызстандагы биринчи аялдар клубу 1925-жылдын 8-март күнү Каракол округундагы Талды-Суу айылында уюшулган. Кыздардын профессионалдык-техникалык мектеби 1924-жылдын 8-март күнү Пишпек шаарында салтанат менен ачылган.

Учурда Кыргызстанда Аялдардын эл аралык күнү 8-мартка чейин эки-үч күн мурда башталат. Өлкөнүн бардык аймактарында концерттер, флешмобдор жана ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт. Бул күнү ар бир үйдө майрамдык маанай орун алып, мырзалар сүйүктүү айымдарын куттуктайт. 

Кымбаттуу, сымбаттуу апалар, эже-сиңдилер, айымдар, кыздар, майрамыңыздар кут болсун!

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.