Президент Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсү менен жолукту. Сүрөт

Окуялар тизмеги 07 Мар 2020 10:33
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык аялдар күнүнүн алдында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй- бүлөсүнө барды.

Мамлекет башчысы жазуучунун жубайы — Мария Айтматованы жаз майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Мамлекет башчысы Айтматовдун жакындары менен баарлашып, жазуучунун уулу Эльдар Айтматов Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин реконструкциялоо боюнча пландары менен бөлүштү. Ошондой эле өзү вице-президент болгон «Манас» жана Айтматов улуттук академиясынын учурдагы ишмердиги жана келечек пландары тууралуу айтып берди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.