Мэрия митинг өткөрүүгө тыюу салуу боюнча чечимин чакыртып алды

Окуялар тизмеги 07 Мар 2020 11:41
0 ой-пикир

Бишкек мэри Азиз Суракматов борбор калаада митинг жана ар кандай массалык акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу чечимин чакыртып алды. Бул тууралуу муниципалитеттин аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.

“Мэрдин митингдерди өткөрүүгө сот аркылуу тыюу салуу чечими коронавирустун алдын алуу жана шаардагы абалды турукташтыруу максатында кабыл алынган. Ал өкмөттүн же башка органдардын чечимине эч байланышы жок”, — дейт Түлөбаев.

Мэриянын аппарат жетекчиси айтымында, митингдерге тыюу салуу коомчулукта ар кандай пикирлерди пайда кылган. Айрымдары митинг өткөрүүгө тыюу салууну колдосо, айрымдары жарандардын укугун чектөө Баш мыйзамдын нормаларын бузуу деп эсептейт. Андыктан Бишкек мэриясы соттун чечимин аны КР Констуциясына ылайык, мыйзам талаасында кароо үчүн чакырып алган.

“Эгер вирус эпидемиясы же калаада туруксуздук боло турган болсо Бишкек мэриясы сотко кайрылуу укугунан пайдалана алат”, — деп кошумчалады Түлебаев.

Эске сала кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук соту Биринчи май райондук администрациясынын 2020-жылдын 4-мартынан тарта 1-июлга чейин митингдерге чектөө коюу боюнча чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Акимчиликтен пикири боюнча, шардык борбордук көчөлөрүндө, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин имараттарынын жанында, аянттарда чогулуштарды өткөрүү борбор калаанын турмуш-тиричилигине кедерги жаратат.

«Практика көрсөткөндөй, көп адам катышкан чогулуштардын уюштуруучулары жана лидерлери анын өтүшүн көзөмөлдөй албайт. Анын жыйынтыгында массалык башаламандыктар орун алып, унаалардын жүрүшүнө тоскоолдуктар болуп, жол тыгындары жаралат», — деп айтылат документте.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.