Турсунбек Акун: “Келечекке жол” аттуу элдик кеңеш түзүлдү

Окуялар тизмеги 06 Мар 2020 09:33
0 ой-пикир

Турсунбек Акун бүткүл республика боюнча кадыр-барктуу аксакал-көксакалдарды жыйнап, жыйын өткөрдү. Жаз келгени адатка айланган митингдер, элдин ар кандай нааразычылыктары жана өлкөдөгү абалды ортого салуу менен саясий туруктуулукту калыбына келтирүү ж.б. маселелер талкууланды.

«Азия Ньюс» гезити жыйындын демилгечиси Турсунбек Акун менен маек курган.  

— Турсунбек мырза, бүгүнкү жыйын тууралуу оюңузду уксак?

— Бүгүнкү иш-чарада негизги маселе катары азыркы бийлик саясый жетекчилик менен иштешүүнүн формаларын иштеп чыгалы дедик. Анткени, баардык учурда бир жактуу бийликти, анын ичинде президентти, премьер-министрди, парламентти “иштебей атышат” деп сындап атышпайбы. Сын айтып турган жакшы. Ошол эле учурда ар бир адам өз учурунда сындап эле тим калбай, кандайдыр бир өздөрүнүн сунушун, үлүшүн кошо алат, кандай кызматташуунун жолун айтат, мына ушул маселенин тегерек-четинде сөз болду. Пикет, митинг жолу биздин демократиялык өлкөдө керек, баардык нерсенин убагы болот, бул жөнүндө да бир чечимге келдик. 

— А өзүңүзчү?

— Туура, жыйындын демилгечиси, үлгү катары бир канча долбоорлорду, концепцияларды коомчулукта мониторинг жүргүзүп, сайт ачып, бийлик менен ар кыл келишимдерди түзүү менен тыгыз иштешүү боюнча жыйынга келген делегаттарга угузганымда, алар кызуу колдошту. 

— Жыйын учурунда диалог маселесин айттыңыз. Ушуну түшүндүрүп кетесизби?

— Өзүңүздөр байкагандай, биздин эл митинг, пикеттен тажады. Анын жолу башка. Учурда адамдар менен бийликтин ортосундагы диалог, пикир алмашуу жетишпей жаткансыйт. Бул да чоң маселе болуп турат. Көрүнгөн жерден чыга калып сын айта коюш оңой. 

— Бүгүнкү жыйынга катышып аткан делегаттар кайдан келишти, кыйкырык салган жан көрүнбөйт го?

— Кыргызстандын баардык облустарынан келишти. Делегаттар бир кылка бийликти каралабаган, ошол эле учурда кошоматтан алыс, аты булганбаган, центристтик көз караштагылар. 

— Эмне деген жыйынтыкка келдиңер?

— “Келечекке жол” аттуу элдик кеңеш түзүлдү. Биз менен иштешүүнү, борбордук штабдагы адамдарыбызды кабыл алуу боюнча президентке кайрылуу кылдык. Ал кайрылууда мыйзамсыздыкка, радикалдуу чечимдерге жол берилбесин, өлкөнү стабилдүүлүктө алып кетсин деген жана дагы 5-6 пункттан турган талаптарыбыз бар.    

Булак: «Азия Ньюс» гезити

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.