Бир нече судья мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти

Окуялар тизмеги 06 Мар 2020 19:58
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбековдун кол койгон Жарлыгына ылайык, Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде өз каалоолору менен ээлеген кызматтарынан мөөнөтүнөн мурда төмөнкү судьялар бошотулду:

— Кузьменко Сергей Иванович — Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы;

— Жоробекова Айнагүл Мамаюнусовна — Нарын шаардык сотунун судьясы;

— Кадырова Адинахан Сулеймановна — Ош шаардык сотунун судьясы.

Кызматтан кеткен үч судьянын бири Айнагүл Жоробекованы кылмыш жообуна тартууга Тартип комиссиясы макулдук бергендигине байланыштуу 2018-жылдын 2-ноябрында президент Сооронбай Жээнбеков кызматынан четтеткен.

Айнагүл Жоробековага 2018-жылы Жазык кодексинин 305-беренеси («Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 328-беренеси («Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Иш Бишкектин Биринчи май райондун сотуна өткөрүлүп берилгени кабарланган. Ал 2017-жылдын 14-сентябрында үч киши каза болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин кароо учурунда кабыл алган чечими үчүн айыпталган. Жоробекова ишти кароодо шектүүнү жети жылга кескен айыптоо өкүмүн чыгарып, бирок жазаны аткарууну шарттуу түрүнө которуп, жумшартып салганы көрсөтүлгөн.

Калган эки судья тууралуу кошумча так маалымат жок. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.