ВИДЕО: Садыр Жапаровдун агасы коомчулукка кайрылды

Окуялар тизмеги 05 Мар 2020 16:09
0 ой-пикир

Абактагы Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров коомчулукка кайрылуу жолдоду. Кайрылуусунда ал элибизди ынтымакка, биримдикке үндөгөн.

Эске салсак, 2-мартта Бишкекте митинг өткөн. Ала-Тоо аянтында экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулушкан.

Митингге чыккандар бийликке үч талап коюшкан:

  1. Саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу;
  2. Кумтөр көйгөйлөрүн чечүү;
  3. Коронавирустан коргонуу үчүн чек араларды жабуу.

Саат 18:00дөр чамасында митингчилер ак үйдү көздө бет алышып, бирок милиция кызматкерлери суу бүркүгүч, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, жарандарды борбор аянттан сүрүп чыгышкан. 

Митингдин бир нече уюштуруучулары кармалган. Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров УКМКга жеткирилгенден кийин, ошол эле күнү кайра кое берилген. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.