ВИДЕО: Экс-депутат Каныбек Осмоналиев эки айга камалды

Окуялар тизмеги 05 Мар 2020 09:36
0 ой-пикир

4-марттан 5-мартка караган түнү сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиевдин бөгөт чарасын карады. Биринчи май райондук сотунун судьясы Чыңгыз Бердимуратов саясатчыны 3-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө жайына кармоо жөнүндө чечим чыгарды.

Осмоналиев 2-марттагы митингден кийин кармалып, УКМКнын тергөө жайына киргизилген. Экс-депутатка Кылмыш кодексинин 39-беренесинин («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») негизинде доо коюлду.

Эске салсак, 2-мартта Бишкекте митинг өткөн. Ала-Тоо аянтында экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулушкан.

Митингге чыккандар бийликке үч талап коюшкан:

  1. Саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу;
  2. Кумтөр көйгөйлөрүн чечүү;
  3. Коронавирустан коргонуу үчүн чек араларды жабуу.

Саат 18:00дөр чамасында митингчилер ак үйдү көздө бет алышып, бирок милиция кызматкерлери суу бүркүгүч, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, жарандарды борбор аянттан сүрүп чыгышкан. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.